​УКМКнын 2 кызматкерин бычактагандар изделүүдө

10-Окт. 2017, Шейшемби, 11:27

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын эки кызматкерин бычактап кеткендер изделүүдө. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда Ноокат районундагы эл аралык террордук уюмдун жашыруун бир бөлүгүнүн ишмердүүлүгүн жоюу боюнча ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө Ош облустук УКМК эки кызматкери бычак менен жаракат алышкан.

Учурда кызматкерлердин абалдары туруктуу.

Атайын пландын негизинде ЭТУ мүчөлөрүнүн өздүктөрү аныкталды. Кылмышкерлер изделүүдө.

Бул факты боюнча Ноокат райондук ИИБде кылмыш иши козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!