11-октябрь күнү саат 12:26 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 375-чакырымында “Мерседес-Бенц Спринтер” (жүк ташуучу) үлгүсүндөгү мамлекеттик № 19 56 ВС унаа жолдон чыгып аласалып жол кырсыгына учураган. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №45 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон айдоочуну, 1985-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну М.У.Т. сөөгүн чыгарып берип, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.