Президент Таластагы драма театрды ачып берди

11-Окт. 2017, Шаршемби, 16:38

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-октябрда Талас облусуна иш сапары барды

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө башчысы Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбааев театрдын курулушун аяктоого 45 млн. сом бөлгөн. Бөлүнгөн каражатка аталган драма театрдын имаратынын курулушун аяктоого жана зарыл жабдууларды сатып алууга жумшалган.

Белгилей кетсек, бул маданий ордо 2008-жылы өкмөттүн демилгеси менен курула баштаган. Имараттын жоктугунан улам актер-артисттер ижарага алынган мекемеде иштеп келишкен.

Фото: Султан Досалиев

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!