​«Тазалык» жаңы унаалуу болду

11-Окт. 2017, Шаршемби, 16:52

Бүгүн, 11-октябрда «Тазалык» муниципалдык ишканасына жаңы таштанды ташуучу унаалар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Унааларды тапшыруу иш-чарасына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибаримов өзү катышып, аталган мекемеге унаалардын ачкычын тапшырды.

Ишкана 15 таштанды жүктөөчү унаа жана 4 универсалдуу унаа менен толукталды.

"Учурда "Тазалык" ишканасынынын автопаркында 251 атайын техника бар. Алардын ичинен 196сы иштейт. Күнүнө шаардын тазалыгы үчүн 175-180 унаа жумушка чыгат",-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!