Ошто 34 бала сүннөткө отургузулду

11-Окт. 2017, Шаршемби, 17:07

Ош шаарындагы Амир Тимур кичи шаарчасында кайрымдуу инсандардын көмөгү менен 34 жетим бала сүннөткө отургузулду. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын казысы Убайдула ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, мечит имамдары жана жергиликтүү тургундар катышып, жардам колун сунгандарга ыраазычылык айтышты.

Ал эми облус жана шаар казысы мындай кайрымдуулук иштерин өткөрүү коомчулук үчүн абдан маанилүү экендигин айтышып, бул иш дагы да улантылуусу керек экендигин билдиришти.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!