Жалал-Абад шаары шайлоого 100 пайыз даяр

13-Окт. 2017, Жума, 15:46

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого Жалал-Абад шаары толугу менен даяр. Шаарда 25 шайлоо участкасы, 53 миң 421 шайлоочу бар. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, 30-сентябрда участкалар такталып, даярдык иштери иш жүзүндө башталган. Ошол күндөн бери бардык даярдыктар аягына жеткирилди.

-Бүгүн шаардагы бардык шайлоо участкаларына шайлоо бюллетендери, керектүү аппаратуралар таркатылып берилди. Шаардагы 25 шайлоо участкасында тең өрт коопсуздугу, медициналык коопсуздук, альтернативдик коопсуздуктар боюнча маселелер каралды, - дейт ал.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамир Жүндүбаевдин айтымында, мыйзамда көрсөтүлгөн тартип боюнча добуш берүү күнүнө 1-2 күн калганда бюллетендер таркатылышы керек. Алар таркатылып бүттү.

-Бүгүн шаардагы бардык шайлоо участкаларына шайлоо бюллетендери, урналар, идентификациядан өткөрүүчү аппараттардын баары таркатылып берилди. Эки ай мурда шаардагы шайлоочулардын тизмесин тактаганыбызда 38 миң 327 шайлоочу катталган болчу. Ал эми бүгүнкү күндө акыркы такталган тизме боюнча 53 миң 421 шайлоочу каттоого алынды. Шайлоочулардын санынын көбөйгөнүнүн себеби, форма-3, форма-2 боюнча катталуулар, ошондой эле 18 жашка жаңы толгон, биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын кошулушу негиз болду. Ушул шайлоо тизмесине кирген жарандар гана шайлоого катыша алышат. Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн баары окутулуп, даярдыктар өткөрүлгөн. Шайлоодо иштетилүүчү жабдуулардын баары текшерүүдөн өтүп, азрыкы учурда Жалал-Абад шаары президенттик шайлоого 100 пайыз даяр, - дейт ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!