Баткенде аскер кызматкерлери жаңы батирлүү болду

13-Окт. 2017, Жума, 16:26

Бүгүн, 13-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө аскер кызматчылары үчүн курулган үч үйдүн ачкычтарын тапшырды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы курулган үйлөр Баткен районунун Туура-Таш участкасындагы Бужум айылында жайгашкан. Алар бир, эки жана үч бөлмөлүү 90 батирден турат.

Жаңы батирлер аскер кызматындагы үзүрлүү эмгеги үчүн жана көп балалуу кызматкерлерге бөлүштүрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!