Бишкекке жылуулук 17-октябрдан тартып берилет

13-Окт. 2017, Жума, 17:24

Бишкек шаарына жылуулук качан берилери маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Албек Ибримов ордо калаага жылуулук берүү тууралуу буйрукка кол койду. Мэрдин буйругуна ылайык, шаарга 17-октябрдан тартып жылуулук бериле баштайт.

Алгач жылуулук бала бакчаларга, мектептерге, социалдык мекемелерге, ооруканаларга берилмекчи.

Эскерте кетсек, жылуулук беш күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болгон учурда берилет. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча жакынкы күндөрү абанын температурасы төмөндөйт. 18-октябрдан тарта -1-3- градуска суук болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!