ТИМ: Казакстандагы кыргызстандыктар элчиликтин көзөмөлүндө

14-Окт. 2017, Ишемби, 08:50

Кыргызстандын тышкы иштер министрилиги Казакстанда эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттарды миграция мыйзамын бузбоого чакырат.

Аталган министрликтин маалымат департаменти бул чакырыкты учурда кошуна өлкөдө коопсуздук боюнча иш-чара жүргүзүлүп жаткандыгы менен байланыштырат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги, өлкөнүн Казакстандагы элчилиги жана Алматы шаарындагы консулдук кошуна өлкө аймагындагы кыргыз жарандарынын абалына биргеликте көз салууда.

Кыргызстандын Казакстандагы өкүлчүлүктөрү тиешелүү органдар менен өткөргөн жолугушканда казак тарап "Нелегал-2017" деген аталыштагы операция өткөрүлүп жатканын, өлкөнүн укук коргоо органдары кыргыз жарандарына каршы иш-аракеттерди жасоодон алыс экенин билдиришкен.

Министрлик Казакстандагы мигранттарды оор кырдаалдарга туш келип калган учурда төмөнкү дарек боюнча кайрылууну сунуштайт:

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги. Астана шаары, Дипломатиялык шаарча, В-5, байланыш телелефону: (+7 7172) 242024, (+996 312) 979701.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулдугу. Алматы шаары, Луганская көчөсү, 30А, байланыш телефону: (+7 7272) 642212, 622173, 642212.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!