Этникалык кыргыздарды Нарын эли жылуу тосуп алды (фото)

14-Окт. 2017, Ишемби, 10:00

Ооганстандын Улуу жана Кичүү Памиринде жашаган этникалык кыргыздардын 33ү кечээ, 13-октябрда кечинде Нарын облусуна жетишти.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдиргендей, Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов баштаган жетекчилер, облустун эли аларды тосуп алышты.

Кыргыз өкмөтү этникалык кыргыздарга билим берүү максатында мындан алты ай мурда камылга көрүп, документ иштерин даярдоого киришкен.

Тарыхый мекенине келген боордоштор Нарын облусунун Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейдин көп кабаттуу имаратына жайгаштырылмай болду. Алар он күн бою медициналык кароодон өтөт.

Белгилей кетсек, 2-октябрь күнү чоң жана кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында экспедиция жөнөп кеткен.

Деңиз деңгээлинен 4-5 мет бийиктикте, климаттык шарты оор аймакта жашаган этникалык кыргыздардын саны жылдан-жылга азайып бараткандыгы айтылып келет. Жашоо-шарттын оордугу, медициналык кызмат көрсөтүүнүн жоктугу, башка аймактар менен байланыш болбогондуктан туугандар арасында турмуш куруу алардын жок болуп кетүү кетүү коркунунчун шарттоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!