Башаламандык уюштурууга шектелип экс-депутат кармалды

15-Окт. 2017, Жекшемби, 12:03

Өлкөдө массалык башаламандык уюштурууну пландаган деп шектелип Жогорку Кеңештин мурунку депутаты жана анын тарапташтары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, административдик мекемелерди басып алуу жана президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга шектелип Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Казыбек Шайымбетов жана анын тарапташтары кармалган. Алар кылмыш ишин ишке ашыруу максатында бир нече күндөн бери курал-жарак издеп жатышкан.

Бул факты боюнча кармалган жарандарга “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү, бийликти күч колдонуу менен басып алууга даярдык көрүү, жарылуучу заттарды жана ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда кылмышка шектүүлөр УКМКга алып келинип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Шайымбетов канчанчы чакырылыштын депутаты болгону көрсөтүлгөн эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР