Эки саат ичинде шайлоочулардын 7,5 пайызы добуш берди

15-Окт. 2017, Жекшемби, 12:13

Саат 10:00гө карата алынган жыйынтык боюнча жалпы шайлоочулардын 7,5 пайызы добуш берди.

Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынан расмий билдиришти.

Ага ылайык Бишкек шаарында шайлоочулардын 7,02%,

Ош шаарында 10,35%,

Талас облусунда 8,44%,

Ысык-Көл облусунда 8,08%,

Нарын облусунда 8,08%,

Ош облусунда 7,40%,

Чүй облусунда 6,91%,

Баткен облусунда 7,73%,

Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар 1,28% добуш берди.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын саны 3 млн. 25 миң 768 кишини түзөт. Алардын 18 миң 580и чет өлкөлөрдө. Республика аймагы боюнча 2375 шайлоо участогу уюштурулган. Чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө 37 шайлоо участкасы ачылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР