Ошто көчмө урна аркылуу 2264 жаран добуш берди

15-Окт. 2017, Жекшемби, 12:21

Ош шаарында шайлоо участогуна келүүгө мүмкүнчүлүгү жок 2264 адам кечээ, 14-октябрда көчмө урна аркылуу добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлү Расул Кадыров билдиргендей, шайлоо тышкары добуш берүүгө 2929 адам арыз жолдогон.

Добуш берүүү жараяны күн мурун байкоочулардын коштоосунда башталган. Бул жараян бүгүн дагы уланууда. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, көчмө урна аркылуу басууга мүмкүнчүлүгү жок бейтаптар, майыптар, ооруканада жаткандар, абактагылар жана аскер бөлүктөрүндөгүлөр добуш бере алышат.

Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 159 миң 352 шайлоочу бар. Шаарда 73 шайлоо участкасы иштеп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР