Президент мумиянын жерге көмүлүшү тууралуу пикирин билдирди

15-Окт. 2017, Жекшемби, 12:39

Бишкектеги тарых музейинде сакталып турган мумиянын жерге көмүлүшү туура эмес болгонун президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчынын пикиринде, мындай таңкыс табылгалар көпчүлүк үчүн кол жеткис нерсе болчу.

“Мусулманмын дегендер пайгамбарыбыздын сөзүн унутуп, көзү ачык, бакшыларга ишенип алды. Башка мамлекеттер мындай табылгаларды таппай жүрүшөт. Жерге берилиши абдан туура эмес иш болду. Эми болору болду. Аны жерге берүүгө катышкандардын жоопкерчилиги каралат болуш керек деп ойлойм”,-деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, жарым кылымдан ашык убакыттан бери борбор калаадагы тарых музейинде сакталып турган мумия кечээ, 14-октябрда Баткен облусунун аймагында кайрадан жерге көмүлгөн.

Окумуштуулар мумияны 4-5-кылымдарга таандык деп айтышкан.

Коомчулукта, тарыхчылардын арасында мумиянын жерге берилиши тууралуу кескин сындар айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР