Шайлоо: Ош шаарынын эли активдүү катышууда

15-Окт. 2017, Жекшемби, 12:53

Саат 10го алынган маалыматка караганда, Ош шаарында 17 миң 200 жаран добуш берүүгө катышты.

Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, калаада добуш берүү активдүү жүрүүдө.

Шаар бийлиги тарабынан шайлоону ачык жана таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөн.

Шаарда жалпы 159 миң 420 жаран добуш берүү үчүн катталган. 48 миң 706 жаран №2 форма боюнча арыз берген.

Бардык шайлоо участкаларында тартип сактоо кызматкерлери, ыктыярдуу элдик кошуундар жана медицина кызматкерлери нөөмөттө турушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР