Өкмөт аз камсыз болгон 100 кожолукка көмүр берди

15-Окт. 2017, Жекшемби, 13:29

Өкмөт Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тартып, чатырда жашап жаткан тургундарга 200 тонна көмүр таратып берди.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдиргендей, көмүрдү жеткирүү милдетин ”Пэрити Коал” ишканасы өз жоопкерчилигине алган.

Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков Чоң-Алай районуна болгон иш сапарында Жекенди айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кышка чейин көмүр менен камсыз кылуу тапшырмасын берген. Ага ылайык, райондогу жер титирөөдөн жабыр тарткан жардамга муктаж 100 үй-бүлөнүн ар бирине 2 тоннадан көмүр тизме аркылуу таратылып берилди.

Климаттык шарты оор бул аймакта суук октябрь айынан май айына чейин созулат.

Ушул жылдын 3-майында удаа-удаа жер титирөө болуп, күчү алты баллга чейин жеткен.

Жер титирөөнүн кесепетинен жалпы 1025 турак жай текшерилген. Анын ичинен 187 турак үй капиталдык ремонтко муктаж, 632 турак жай авариялык абалга келип, 10 үй кыйроого учурагандыгы аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР