Бычакталган жаш жигиттин сөөгү табылды

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 11:35

Бишкек шаарында бычакталган жаш жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-октябрь күнү таңкы саат 07:20 чамасында борбор калаанын "Көк-Жар" кичи районунан милиция кызматкерлери бычакталган жаш жигиттин сөөгүн табышкан. Маркум болжол менен 20 жашта болушу мүмкүн.

"Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР