Торалиева Сапар Исаковго кеңешчи болду

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:35

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Гулнура Торалиева премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Гүлнура Торалиева кеңешчи катары маалымат саясаты тармагын тейлейт.

Буга чейин өкмөт башчы Исаков Батыштагы алдыңкы окуу жайларды бүтүргөн эки айымды да кеңешчи кылып алган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!