Көк джинсыдан улам котормочунун сөөгү таанылды

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:37

Чаткалда үч ай мурун жоголгон котормочунун сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-октябрь күнү саат 22:30тар чамаларында тиешелүү кызматтын өкүлдөрү маркумдун сөөгүн алып келишип жакындарына өткөрүп беришти.

Белгилей кетсек, 4-июль күнү Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын Чандалаш участкасында жайгашкан “Консляр Арум” ЖЧКнун кен казуу фирмасында котормочу болуп иштеген, 36 жаштагы Ю.Я.А аттуу Бишкек шаарынын тургуну Чаткал дарыясына агып кеткен. 5-июль күнү Таш-Көмүр шаарындагы №2 куткаруу отряды 13 куткаруучусу менен аталган жаранды издөө иштерин жүргүзүп, суунун деңгээли жогору болгондугуна байланыштуу 7-июль күнү издөө иштери токтотулган.

Бул окуядан бир ай өткөн соң суунун деңгээли азайгандыгына байланыштуу кайрадан №2 куткаруу отрядынын он беш куткаруучусу тарабынан аталган котормочунун сөөгүн издөө иштери үч күн жүргүзүлүп, эч кандай натыйжа чыккан эмес. ӨКМнын куткаруучулар кеткен күндөн баштап Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, капитан А.Сулайманов Беш-Арал мамлекеттик коругунун кызматкерлери жана Чаткал чек-ара заставасынын башчысы, капитан К.Талантбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Чаткал чекара заставасынын күзөттө турган кызматкерлеринин күзөт алмашуу учурунда аталган жарандын сөөгүн, күмөндүү учаскалардан издөө иштерин жүргүзүүнү суранып ошол күндөн тартып издөө иштери жүргүзүлүп келген.

12-октябрь күнү Чаткал районунун Ак-Таш айылында жайгашкан Беш-Арал коругунун Арап участкасындагы Каркүч жана Ток-Камыш участкаларынын ортосундагы суунун жээгинен адамдын сөөгүн табышкан. Ошондой эле сөөк жаткан жердин айланасынан көк түстөгү эркек адамдын джинсы шымы табылып, “Консляр Арум” ЖЧКнун кен казуу фирмасынын жетекчиси маркум аталган көк түстөгү джинсы шымы менен аккандыгын тастыктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР