Бегимай Карыбекова "Дүйнө сулуусу" болобу? (видео)

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:08

Кыргызстандык сулуу Бегимай Карыбекова Кытайдын Санья шаарында өтө турган “Дүйнө сулуусу -2017" сулуулук конкурсуна катышмакчы.

Сынак ушул жылдын 20-октябрынан 19-ноябрына чейинки аралыкта өтмөкчү.

Карыбекованын кыргыз жерин даңазалаган тасмасы YouTube каналына жайгаштырылды. Тасмада кыргыз жеринин ажайып кооздугун, жаратылышын, маданиятын көрүүгө болот.

19 жаштагы Бегимай Карыбекова аталган сынакка катышуу үчүн ушул жылдын 5-апрелинде Бишкекте өткөрүлгөн сулуулар конкурсунда 17 бийкечтин ичинен "Кыргызстан сулуусу-2017" наамын жеңип, жолдомо алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР