​Монгол сулуусу көпчүлүктүн көңүлүн бурууда (видео)

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:02

Кытайдын Санья шаарында өтө турган “Дүйнө сулуусу -2017" сулуулук сынагына карата бир катар өлкөнүн атынан катышып жаткан бийкечтер өздөрүнүн мамлекети тууралуу видеосун жарыялашкан..

Алардын арасында Монголиянын атынан катышып жаткан бийкеч Цэвээндашийн Энхжин соцтармактын колдонуучуларынын кызуу талкуусуна түштү.

Энхжиндин тасмасында монгол элинин көчмөн жашоосу, салт-санаасы, турмуш-тиричилиги жана монгол жеринин табияты тууралуу баяндалган. Учурда анын тасмасын YouTube каналында беш күндүн ичинде 149 миңден ашуун адам көргөн. Ал эми башка конкурсанттар мындай көрсөткүчкө жете элек.

24 жаштагы Цэвээндашийн Энхжин кесиби боюнча дизайнер. Кембирдж университетинин искусство тарыхы факультетин бүтүргөн. Учурда ‘Eden Design” деген аталыштагы өзүнүн жеке компаниясын жетектейт. Буга чейин “Дүйнө сулуусу” боюнча өткөрүлгөн сынактын тандоо турунда 2 жолу катышып, жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, “Дүйнө сулуусу -2017" сулуулар конкурсу ушул жылдын 20-октябрынан 19-ноябрына чейинки аралыкта өтмөкчү. Кыргызстандын атынан 19 жаштагы бийкеч Бегимай Карыбекова катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!