Бишкекте таза суу берилбейт (тизме)

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:23

Эртең, 17-октябрда, Бишкек шаарынын бир катар аймактарында таза суу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Бишкексууканал" башкармалыгы билдиргендей, "Белинский" суу кампасында оңдоо иштери жүргөндүктөн эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Мындан улам Калык Акиев, Күреңкеев, Панфилов, Абдрахманов, Абдымомунов, Логвиненко көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиси менен Чүй проспектисинин кесилишкен аймагында таза суу болбойт.

Таза суу төмөнкү даректерде болбойт:
- ГП «Спортивно-культурный центр им.Кожомкула»;

- ОсОО «Фабертэк»;

- №3 шаардык гинекологиялык ооруканасында


- «Жапан Стайл» дүкөнүндө;

- «Океан» дүкөнүндө;

- Бишкек УПП ЖЧК №1 «КОСиКОГ»;

-"Улуттукстаткомитет";

- «Пекин» ресторанында;

- Ж.Баласагын Кыргыз Улуттук универститетинде;

- Мамсанэпиднадзор;

- "Спартак" спорттук аренасы;

- "Кыргызтелеком» РПО РМТР ;

- Кыргыз Академиясында;

-Кыргыз драмтеатр;

- Улуттук китепкана;

- Биринчи май райадминистрациясы;

- Т.Молдо пр Жибек Жолу;

- Панфилов-Фрунзе;

- Жибек Жолу-Логвиненко.

"Бишкексууканал" башкармалыгы шаар тургундарын алдын ала суу камдап алууга чакырат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!