Көмүр казган жумушчулардын өмүрү коркунучта

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 18:01

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында отуз, кырк жыл мурун көмүр кени казылган кооптуу жерлерге, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги кайрадан кара алтын казып алууга лицензияны туура эмес берүүдөн улам кырсыктардын көбөйүшүнө алып келүүдө. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Лицензиянын кесепетинен көп жыл бою иштетилбеген жайларда уулу газдар чыгып, жумушчуларга коркунуч жаратууда. Буга чейин кайталанып казылып алынган жайлардан газ чыгып, көмүр казган жарандар жабыркап көз жумган фактылары катталган.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун айтымында, мурда иштетилген жерлерди кайрадан казууга таптакыр мүмкүн эмес.

"Жердин алдындагы бөлүнүп чыккан уулу заттар күч алып, аны тазалап чыгуу оңой эмес. Ал үчүн атайын кесипкөй адистер талап калынат. Акыркы статистика боюнча Сүлүктү шаарынан кен казып алуу 6 пайызды түзсө, шахталарда адам өмүрүн алган фактылар 67 пайыз түзгөн. Мындан улам адам өмүрүнө болгон коркунуч жогору экени белгиленет. Сүлүктү шаарынын мэринин айтымында, мындай кооптуу жайлар өтө көп. Мамлекеттик геология жергиликтүү бийлик жана тийиштүү органдар менен макулдашпай уруксаат берип коюп жатат. Алардын айтымында, турак-жайларга өтө жакын жерлерде көмүр казылып алынууда. Мындай көрүнүштөн улам жер чогуп, тургундарга кошумча коркунуч жаралууда. Жыл башынан бери Сүлүктү шаары боюнча алганда, лицензиянын туура эмес берилип кеткен себебинен улам 9 адамдын өмүрү кыйылган",-деп айтылат маалыматта.

Адистердин айтымында эгерде бул көрүнүштү Геология агенттиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте кеңешип колго албаса, адам өмүрү кыйылуу коркунучу дагы деле күчүндө турат.Андыктан учурда Мамэкотехинспекциянын инспекторлору менен Сүлүктү шаарынын мэри биргелешип Геологияга кат даярдап сунуш берүүнү колго алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!