Таш кулап, жүк унаасынын айдоочусу жабыркады

17-Окт. 2017, Шейшемби, 13:32

Бишкек-Ош унаа жолунда кокусунан тоодон таш кулап, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү болжол менен саат 02:10 чамасындагы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына жакын Бишкек-Ош унаа жолунун 394-чакырымында таш кулаган. Анын кесепетинен улам жолдон өтүп бара жаткан оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган.

“Куткаруучулар “Вольво” үлгүсүндөгү унаанын оң жак тарабына болжол менен 1 куб таш кулаган жерге барышкан. Кырсыктын кесепетинен айдоочу 1976-жылы туулган Ильхом Батыровдун көкүрөгү рульга катуу тийген. Куткаруучулар айдоочууга биринчи тез жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен”,-деп айтылат билдирүүдө
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР