Президент чек арадагы абал тууралуу маалымат алды

17-Окт. 2017, Шейшемби, 13:34

Бүгүн, 17-октябрда, президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Шаршеев мамлекет башчысына мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле Казакстан тараптын бир жактуу чараларынын улам кошуна өлкөнүн көзөмөлдөп-өткөрүүчү пункттарында жарандардын жана транспорттордун көп жыйылып калгандыгы байкалган кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаал туурасында маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик чек ара кызматы башка мамлекеттик органдар менен бирдикте кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Казакстан тараптан өтүүдө кыйын кырдаалда калган адамдардын абалын жеңилдетүү боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү экендигин баса белгиледи.

Адамдарга жардам көрсөтүүнү күчөтүү чараларынын маанисин баса белгилеп, Мамлекет башчысы тез бузулуучу азыктар жүктөлгөн жүк ташуучу чоң унааларды Казакстандын өткөрүүчү пункттарына биринчи кезекте багыттоого көмөктөшүү жумушун уюштуруу милдетин тапшырды.

Белгилей кетсек, 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттеринде чек арадан өтүү оорлоп, жарандардын жана унаалардын узун кезеги пайда болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!