Мэрия: троллейбус 16 жылдан бери иштеп жаткан

17-Окт. 2017, Шейшемби, 13:58

Бүгүн, 17-октябрда саат 9:30да Бишкек шаарындагы Байтик-Баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде №17 каттамдагы троллейбустан өрт чыккан. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрттүн келип чыгышына №17 каттам боюнча каттаган 1501 номурлуу троллейбустун жабдуусунан чыккан жалын себеп болгон. Ал 16 жылдан бери иштеп жаткан.

“Буга чейин троллейбус белгиленген тартипте кабыл алынып, техникалык кароодон өткөрүлгөн. Кандайдыр бир кемчиликтер аныкталган эмес. Өрт учурунда жүргүнчүлөр жана айдоочу жабыр тартышкан жок. Эми троллейбус дагы кошумча текшерүүдөн өткөрүлүп, оңдоп-түзөө иштери жүрмөкчү»,-деп айтылат маалыматта.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!