Өкмөт дүйнөлүк соода уюмуна кайрылды

17-Окт. 2017, Шейшемби, 14:52

Кыргыз өкмөтү кыргыз-казак чек арасындагы чыңалып турган абал боюнча дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына кайрылды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, кайрылууда ири соода уюмуна Кыргызстан менен катарлаш мүчө болгон Казакстан макулдашуудагы негизги эрежелерди бузуп жаткандыгы жүйө келтирилген. Аткаруу бийлигинин пикиринде, Кыргызстан уюмдун толук кандуу мүчөсү катары өз укугун коргомокчу.

Толук бир аптадан бери кыргыз-казак чек арасында Казакстан тараптан көзөмөл күчөп, унаалардын”жана жай тургундардын өтүүсү кыйындап, узун кезек пайда болуп келе жатат.

Маалыматка ылайык, "Ак-Жол" менен "Ак тилек" өткөрмө бекеттеринде унаа жана жарандардын өтүүсү 2,4 эсеге жайлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР