Жер мыйзамсыз колдонгондорго чара көрүлүүдө

17-Окт. 2017, Шейшемби, 15:47

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланган жарандарга чара көрүлүүдө. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган 2 гектар жер тилкеси айдоо багытындагы жер болгондуктан, башка багытта колдонууга мыйзам менен тыюу салынган.

"Учурда аталган жер тилкесинин тегерек чети тосулуп, аянттын ичинде мал жандыктар, курулуштар мыйзамсыз орун алган. Жеринде Мамэкотехинспекция тарабынан мыйзам бузуу боюнча тийиштүү кагаздар толтурулду. Учурда жерди убактылуу колдонууга алган жарандар табылып, жер тилкесин ээси аныктоо иштери жүрүүдө. Инспекторлордун айтымында, жер тилкесиинин ээси табылган соң, түшүндүрүү иштери өткөрүлөт. Андан сырткары жерди баштапкы калыбына келтирип, максатына ылайык пайдалануу талабы коюлат",-деп айтылат маалыматта.

Мамэкотехинспекциянын берген көрсөтмөсү белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

Эске сала кетсек, айдоо багытындагы жерлерге курулуш жүргүзүүгө тыюу салынат. Талаптарды аткарбаган жана жерлерди өз багытында пайдаланбаган жарандар административдик айыптан сырткары, кылмыш жообуна тартылаарын Мамэкотехинспекция эскертет!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!