​ӨКМ: секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды

18-Окт. 2017, Шаршемби, 10:54

Талас облусунда ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"Гидрометеорология" агенттигинин берген маалыматына ылайык, Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында 18-октябрда саат 02:40тан саат 03:20га чейин ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.

Ошондой эле Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал болгон.

Алдын алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Кырдаал боюнча кошумча маалымат берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!