70 миң доллар алып, качып жүргөн жаран кармалды

18-Окт. 2017, Шаршемби, 11:19

Мекендештерин алдоо жолу менен 7 жүз миң АКШ долларын алып, изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМге Пакистандын жараны арыз менен кайрылып, алдоо жолу менен ири суммадагы чыгым келтирген жаранга карата чара көрүп берүүнү суранган.

ИИМдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжасында Бишкек шаарында убактылуу жашаган 1994-жылы туулган А.Т. аттуу Пакистандын жаранын кармашкан. Ал Канадага жумушка орноштурууга виза жасап берүү боюнча мыйзамсыз миграция уюштурган. Өзүнүн мекендештеринен алдоо жолу менен ири суммадагы акча каражатын алып, изин жашырып жүргөн. Жабырлануучулардан алган акча каражатынын жалпы суммасы 70 миң АКШ долларын түзгөн.

«Жогорудагы факты боюнча кылмыш иш козголгон. Кармалган жаран буга чейин Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат»,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!