Мэрия шаардыктарды суу камдап алууга чакырат

18-Окт. 2017, Шаршемби, 11:33

“Бишкексууканал” ишканасы билдиргендей, эртең, 19-октябрда Бишкектин бир катар аймагында таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, “Башкара-Суу” суу кампасында оңдоо иштерине байланыштуу, саат 9:00дөн 16:00гө чейин бир катар райондордо таза суу өчүрүлөт.

Орок конушунда, Орок айыл аймагында, Жал, Төмөнкү Орок аймактарда таза суу токтотулат.

"Бишкексууканал" башкармалыгы шаар тургундарын алдын ала суу камдап алууга чакырат.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!