Жол кырсыгынан бир адам көз жумду

18-Окт. 2017, Шаршемби, 14:54

Ош-Бишкек жолунда 3 жеңил унаа кагышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 17-октябрь күнү түнкү саат 23:00дө Ош-Бишкек жолунун Өзгөн шаарынын аймагында “Toyota Windom” үлгүсүндөгү унаа жол чыракта токтоп турган “Daewoo Tico” унаасын сүзгөн. Натыйжада “Tico” унаасы алдында турган “Honda Fit” унаасын сүзгөн. Экөөнүн ортосунда калган Тико унаасынын 1994-жылы туулган М.А. аттуу айдоочусу каза болгон.

Кырсыкка себепкер болгон “Toyota Windom” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында болгон. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!