№71 жатак-мектеп сынакта биринчиликти багындырды

18-Окт. 2017, Шаршемби, 16:22

Бишкек шаарындагы №71 Тоголок Молдо атындагы жатак-мектеби мугалимдер күнүнө карата өткөрүлгөн жалпы билим берүүчү мектептер арасындагы “Жүрөгүм менин балдарга” аттуу сынакта биринчи орунду ээледи.

Бул тууралуу “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов “ZAMAN.KG”ге билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка 95 агартуу жайы катышкан. Анда мектептер билим, тарбия берүү, долбоорлор менен иштөө, мектептин ишмердүүлүгү, түзүлгөн шарты боюнча күч сынашкан. Жеңишке жетишкен №71 жатак-мектепке билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан беш комплект компьютердик техника жана түстүү принтерге сертификат ыйгарылды.

Мындан сырткары аталган окуу жай борбор калаадагы мектептер арасында өткөн спорттун теннис жана футбол боюнча таймашында да биринчиликти багындырган.

Белгилей кетсек, №71 Тоголок Молдо атындагы жатак-мектеби мамлекет башчынын демилгеси менен ачылып, “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду каржы жагынан көмөк көрсөтөт.

Аталган фонд мектепте билим алып жаткан 200 баланын окуу куралдары, кийим-кечеси жана башка чыгымдарын көтөрүүнү өз мойнуна алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!