Чек арадан өтүүнүн жеңил жолу ишке аша баштады

19-Окт. 2017, Бейшемби, 10:07

19-ноябрдын алгачкы мүнөттөрүнөн баштап кыргыз-казак чек арасынан биринчи иретте жай тургундар, жеңил унаалар, бош чоң унаалар эки тарапка тең эркин каттай баштады.

Мындай чечим күн мурун Астанада өткөн кыргыз жана казак өкмөт башчыларынын жыйынында кабыл алынганын кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки тарап экономикалык кызматташтыктын маанилүү маселелери боюнча “жол картасын” иштеп чыгат. Аны кыргыз-казак өкмөт башчыларынын орун басарлары жетектеген жумушчу топ ишке ашырат.

Эскерте кетсек, 10-октябрдан тарта кыргыз-казак чек арасындагы бир нече көзөмөл өткөрүү бекети аркылуу өтүү татаалдап, жарандардын жана унаалардын бир нече чакырымга созулган узун кезеги пайда болгон.

Кечээ, 18-октябрда кечке жуук өкмөт башчы Сапар Исаков казакстандык кесиптеши Бакыт Сагинтаев менен жолугушуу үчүн расмий Астанага учуп кеткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!