Жергиликтүү тургунга ок чыгаргандар изделүүдө

19-Окт. 2017, Бейшемби, 14:07

Аламүдүн районунун Маевка айылына жакын жерде белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду атып кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 18-октябрь күнү саат 19:00 чамасында болгон. Анда белгисиз адамдар Биримдик айылынын 1981-жылы туулган тургунун атып, качып кетишкен. Ийнине ок тийген жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, ага шектүүлөр изделүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!