Эркектердин саламаттыгы акысыз текшерилет

20-Окт. 2017, Жума, 12:37

Бишкекте 23-октябрдан 1-ноябрга чейин “Эркектердин саламаттыгынын жумалыгы” өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова билдирди.

Анын айтымында, акциянын алкагында уролог жана андрологдор эркектерди акысыз текшерип, кеп-кеңештерди беришет.

Акция Бишкекте Республикалык урология илимий борборунда (дареги Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөсүнүн кесилишинде) саат 09:00дон 15:00гө чейин өтөт. Бул учурларда урологдорго кайрылышса болот. Ал эми 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу.

Баялинова белгилегендей, буга чейинки жылдары өткөрүлгөн “Эркектердин саламаттыгы жумалыгы” акциясы 40 жаштан жогору 60 пайыз эркектер кандайдыр бир даражада импотенциядан жабыркай тургандыгын көрсөткөн. Бул алардын жашоо сапатына кыйла таасир берет.

Ошондой эле ал акыркы мезгилде эркектердин тукумсуздугу кыйла өскөнүн кошумчалаган. Анда 55 жаштан жогору 70 пайыз эркектер түнкү заара кылуудан жабыркашарын, бул көйгөй адамдын эрте өлүмүнүн негизги себептеринин бири экенине карабастан, алардын 8 пайызы гана дарыгерлерге кайрылышарын баса белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!