Ысык-Көлдө уюлдук телефон уурдагандар кармалды

20-Окт. 2017, Жума, 17:03

Ысык-Көлдө уюлдук телефон уурдоого шектелген эки жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын июль айында белгисиз адамдар Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Элнуру» эс алуу жайынын коттеджине киришип, Бишкек шаарынын тургунуна тиешелүү болгон «Lenova» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдашкан. Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясында катталып, кылмыш-жаза кодексинин “уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул факты боюнча жакында милиция кызматкерлеринин көрүлгөн иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 20 жаштагы Ж.Кубанычбек жана 17 жаштагы К. Талант аттуу тургундары кармалган. Алгачкы тергөө учурунда, кармалгандар өздөрүнүн күнөөлөрүн толук моюндарына алышып, далил катары уюлдук телефон табылган.

Учурда кылмышка шектүү катары кармалгандар Ысык-Көл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!