​Сузактын мурда соттолгон тургуну баңгизат менен кармалды

21-Окт. 2017, Ишемби, 16:55

Сузак районунун мурда соттолгон 30 жаштагы тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 19-октябрь күнү Жалал-Абад областы боюнча Баңгизатка каршы күрөшү кызмытынын кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаарынан Ош багытын көздөй келе жаткан “Тойота ” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерген учурда, М.А аттуу айдоочунун курткасынын чөнтөгүнөн ок атуучу курал жана 5 даана ок алынган. Андан сырткары 800 гр “гашиш” заты жана 20 даана кутучага салынган 700 гр “гашиш” баңгизаты табылган.

Бул факт боюнча алынган баңгизаттарга соттук химиялык экспертиза жана ок атуучу куралга соттук баллистикалык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Кара-Көл ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул боюнча иликтөө жана тергөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!