​Ачылбай жатып Чокморовдун айкелине сын айтылууда

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:30

Белгилүү актёр, сүрөтчү, СССРдин Эл артисти Сүймөнкүл Чокморовдун 3 метрлик айкели Екатеринбургдан Бишкекке алып келинип, ордо калаадагы “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдында орнотулган. Жакында 9-ноябрда Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүнө карата айкелдин салтанаттуу ачылышы болмокчу.

“Сүймөнкүл Чокморов” атындагы коомдук фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахмановдун айтымында, залкар актёрдун айкели Екатеринбург шаарында жасалган.

“Айкелди жасоого бир жылдан ашык убакыт кетти. Ал “Дубровин” ишканасы тарабынан жасалган. Салмагы 600 килограмм жана атайын каражаттар менен эски эстеликтей түс берилген. Мындай айкелдер кыргыз жергесинде аз санда”,-деди Абдрахманов.

Учурда айкелдин сүрөтү Интернетке тарап, соцтүйүндөрдө кызуу талкууга түштү. Көпчүлүгү Чокморовдун айкели өзүнө окшобой калганын жаза баштады. Алардын арасында “Фейсфук” колдонуучусу Мурат Жетимишбаев буларга токтолгон.

"Чокморовбу же лондондук Шерлох Холмсбу? Өкүнүчтүү. Сүймөнкулдун айкели такыр купулума толбоду. Албетте "бүткөн ишке сынчы көп экендигин" жакшы билем. Бирок "Кыргыз өңү" европейске окшоп калыптыр! Аттиң... жок дегенде "Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" Кара-Балтанын же "Караш-Караштагы" Бактыгулдун, болбоду дегенде "Жетинчи октогу" Максумовдун образын алганда кичине кыргызга окшомок экен!”,-деп жазды Жетимишбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!