​Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан бир адам каза болду

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:46

Ысык-Көл облусундагы жол кырсыктан 60 жаштагы Израилдин жараны каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-октябрь күнү саат 16:00 чамасында Түп-Кеген унаа жолунун 68-чакырымында Израилдин жараны Дани Нахумдун башкаруусунда бара жаткан «Honda CR-V» үлгүсүндөгү унаасы башкаруусун жоготуп, унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен ал (убактылуу Чүй облусунда жашап жаткан) оор жаракат алып, көп узабай каза болгон. Ал эми маркум менен жабыркаган 53 жаштагы жүргүнчү аял Түп райондук ооруканасына жаткырылып, ал жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

Учурда кырсыктын себебин тактоо иштери улантылып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!