Россиядагы кырсыктан кыргыз жарандары жабыркады

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:01

Россия Федерациясынын Саратов облусунда жол кырсык катталып, 5 кыргыз жараны жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-октябрда саат 10:50дө (Бишкек убактысы боюнча) Саратов облусунда Р-236 «Энгельс-Ершов-Озинки» трассасынын 103-чакырымында "Хонда-Степвагон" үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган.

Анын кесепетинен 5 жүргүнчү (Кыргыз жарандары 2 аял, 3 эркек) жабыркап, Федоров райондук ооруканасына жеткирилген. Айдоочу жабыркаган эмес.

Жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.

Фото: интернеттен алынды, окуяга тиешеси жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!