Москвада дайынсыз жоголгон Алымбек Калыбаев изделүүдө

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 16:01

Россияда дайынсыз жоголгон 26 жаштагы Алымбек Калыбаев изделүүдө. Бул тууралуу Зулпудин Нурматов билдирди. Анын айтымында, Алымбек 2012-жылдан бери Москвада эмгектенип жүргөн.

"Урматтуу Россиядагы Мекендештер! Дайынсыз жоголгон Калыбаев Алымбек Ниязалиевич 14.02.1991-жылы туулган. Ош облусунун Өзгөн районунун Коммунист айылынын тургунун жакындары издешет. Алымбек 2012-жылдан бери Москва шаарында эмгектенип жүргөн. 2016-жылдан бери жакындары менен байланышы үзүлгөн. Алымбек эгерде өзүң окуп калсаң апаң ушул жылдын январь айында жол карап, сени күтүп жатып каза болуптур. Эми атаң көзүмдүн тирүүсүндө баламды көрүп калсам деген ниет менен издеп жатат",-деди Нурматов.

"Дайынсыз жоголгон Алымбек боюнча кандайдыр бир маалымат болсо КР ИИМ нин РФгы өкүлчүлүгүнө кабар берип койуңуздарды өтүнөбүз",-деп кошумчалады ал.

Байланыш номуру +7 968 500-80-70

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!