​Бишкекте жаңы курулуштун урандысынан жабыркагандар бар

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 16:39

Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан курулуш урап, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-октябрда саат 14:10 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдын ала алынган малымат боюнча А. Токомбаев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан имаратта кырсык болгон. Окуяда 6 адам жабыркаган. Кырсык катталган жерге тез жардам кызматы барып 4 адамга алгачкы медициналык жардам көрсөткөн. Ал эми жабыркаган 2 адам ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерге ӨКМнин тиешелүү кызматтары тартылган эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!