Милициянын бычакталган сөөгү табылды

26-Окт. 2017, Бейшемби, 11:49

Бишкек шаарында милиция кызматкери бычактан жаракат алып, анын кесепетинен каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 26-октябрга караган түнү саат 03:00 чамаларында Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 25 жаштагы милиционер Уларбек Майрамбековдун сөөгү табылган. Ал бычактан жаракат алып, анын кесепетинен улам каза болгон.

Маркум кырсыктан бир күн мурда анын кароосундагы иштин материалдарын жана өзүнүн табелдик куралын өткөрүп, андан соң, үйлөнүүсүнө байланыштуу өргүүгө чыгуу үчүн рапорт жазган.

“Уларбек иштен чыгып, кесиптешине Бишкектин кесилиштеринин бирине жеткирип коюуну суранып, ошол жерде калган. Кийин кызматкер бычактан алган жаракатынан каза болгону белгилүү болду. Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, бир катар экспертизалар белгиленди. Тыкыр тергөө амалдары жүрүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.

Каза болгон милиция кызматкери бир жылдан бери Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБде эмгектенип жаткан. Маркумдун сөөгү 27-октябрда кичи мекени Ноокен районунун Масы айылында жерге берилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!