Кызганычтан аялын өлтүрүп короосуна көмгөн

27-Окт. 2017, Жума, 11:28

Жайыл районундагы үйлөрдүн биринен белгисиз сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү Жайыл РИИБне аталган райондун Алтын айылындагы үйдүн короосунда аял кишинин сөөгү көмүлгөндүгү тууралуу маалымат жергиликтүү тургундар тарабынан келип түшкөн. Милиция кызматкерлери үйдү текшергенде жерге көмүлгөн 30-35 чамасындагы аялдын сөөгүн табышкан. Иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары үй ээсинин 36 жаштагы Ш.К. аттуу тууганы кармалган.

"Үй ээси турак жайын тууганы Ш.К.га калтырып кеткен. Шектүү ал үйдө 30 жаштагы А.Ч. аттуу аял менен бирге жашап жүргөн. Шектүүнүн айтымында, 19-октябрь күнү кызганычтан улам аны өлтүрүп, короого көмүп койгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!