Полиция күтүүсүздөн жылдызга айланды

27-Окт. 2017, Жума, 14:43

Санкт-Петербург шаарында 23 жаштагы полиция кызматкери аз гана убакыт ичинде таанымал болуп чыга келди. Соцтүйүндөгү кыздар анын келишимдүү келбетине ашык болушууда. Бул тууралуу gubdaily.ru басылмасы жазды.

Жаш жигит кызматта жүрүп түшкөн сүрөттөрүн достору менен такай бөлүшүп турат. Анын Instagram баракчасына 50 миң колдонуучу жазылганга жетишкен. Көпчүлүгү аны блогер деп айтышууда.

“Мени блогер деп аташса күлкүм келди. Эч убакта таанымал болууну ойлогон эмесмин. Өздүк баракчамда досторумду көбөйгөнүн карап, кубанганым ырас. Ошон үчүн терең ыраазычлыгымды билдиргим келет”,-деди Роман.

Муну менен катар өзүнө келген каттарга, суроолорго убагында жооп бере албай жүргөнү үчүн кечирим сурады.

Ал эми анын кызматтагы жетекчиси жигиттин таанымал болуп жатканын колдоого албастан, анын аккаунтун өчүрүп салуусун сураган. Роман өздүк баракчасын өчүрүп таштаса да башка ресурстарда сүрөтү сакталып калыптыр.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!