Сарыбашов жаңы конуштагы абал менен таанышты

27-Окт. 2017, Жума, 14:44

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Өзгөн районундагы табигый кырсыктан улам Ана-Кызыл участкасына көчүрүлгөн элдин абалынан кабар алды.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдиргендей, учурда аталган участокто курулуш иштери жүрүүдө.

Турак-жай мамлекет жана жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен курулуп жатат.

Жалпы район аймагы боюнча 241 үйдүн курулушу башталган. Анын ичинен 117 үйдүн пайдубалы бүткөн. 75 үйдүн дубалы курулуп бүткөн болсо, 49 үйдүн чатыры жабылган. Өзгөн району боюнча кооптуу участкадан көчүп келе турган жабыр тарткан жарандарга 740 чек бөлүнүп берилген.

Абал менен жеринде таанышкан өкмөт өкүлү Таалайбек Сарыбашав үйлөрдүн сапатына баа берди. Ага удаа элди кышка чейин үйлөрүнө киргизүүнү уюштуруу жагын жергиликтүү бийликке милдеттендирип, бөлүнүп берилген жаңы чектерге кооптуу участокто жашап жаткан элди көчүрүп чыгаруу тапшырмасын койду.

Ана-Кызыл участкасында болочоктогу айыл эли үчүн бардык инфраструктура түзүлгөн. Таза суу чыгарылып, электр мамычасы, трансформатор коюлган. Мындан сырткары жаңы мектептир курулушу башталган.

Белгилей кетсек, жаз алды менен Өзгөн районунун бир нече айылдарында адам өмүрүн алган жер көчкү жүрүп, турак-жай, социалдык обьектилер бүлгүнгө учураган. Мындан ары жашоого мүмкүн болбогон аймактагы тургундар коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!