Президенттик аппарат Лебедевдин билдирүүсүнө үн катты

27-Окт. 2017, Жума, 15:12

Президенттик аппарат Россиянын Мамлекеттик думасынын вице-спикери Игорь Лебедевдин билдирүүсүнө расмий жооп кайтарды.

Буга чейин мамлекеттик думанын вице-спикери «Кыргызстан Россияга каршылык көрсөткөн күндү улуттук майрам катары жарыялады» деген билдирүү жасаган. Президенттик аппарат бул пикир калпыс экенин белгилеп, адегенде документти кунт коюу менен окуп чыгууну сунуштаган.

«1916-жылдагы окуялар бир дагы кыргызстандык үчүн майрам эмес. Бул биз үчүн улуттук аза. Үркүн дайым биздин эсибизде болот. 7-ноябрды Кыргызстан Тарых жана эскерүү күнү деп өзгөрттү.

Октябрь революциясын Кыргызстанда туура кабыл алышат. Аны кыргыздарга гана эмес, башка элдерге дагы зомбулуктан чыгууга шарт түзгөн төңкөрүш катары баалашат. Ал эми Тарых жана эскерүү күнү деп аталышын өзгөртүү менен Кыргызстан бул майрамдын маанисин гана кеңейтет», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Россиянын вице-спикери Игорь Лебедев президент Алмазбек Атамбаев “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыкка кол койгон соң, аны Россияга каршы аракет катары баалап, ага карата ыкчам чара көрүп, мигранттарга улуттук айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салууну сунуштаган.

Күн мурун президент Алмазбек Атамбаев “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 7 жана 8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыяланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!