Бишкекте музыкалык кече жыйынтыкталды

28-Окт. 2017, Ишемби, 13:29

Ленин райондук администрациясында өткөрүлгөн ачык асман алдындагы музыкалык кече, 27-октябрда жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага район башчысы Нурдин Тынаев катышып, райондун тургундарына жана шаардын конокторуна жагымдуу маанай, жашоодогу ийгиликтерди каалады.

Музыкалык кечеде кыргыз эстрада ырчылары жана жалпы музыкалык билим берүү бирикмелердин мугалимдери өз өнөрүн тартуулашты.

Эскерте кетсек, маданий кече «Ыйман, адап жана маданият» жылынын алкагында Свердлов, Октябрь жана Ленин районунда өткөрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!