Карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

28-Окт. 2017, Ишемби, 14:08

"Түндүк электр” ААК Бишкек шаарында өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 30, 31-октябрда турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосун өчурүүнү мерчемдөөдө. Бул туурасында "Түндүк электр" ААК басма сөз кызматынан билдиришти.

“Түндүк электр” ыңгайсыздыктарды жаратпаш үчүн төлөмдөрдү өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Эске салсак, “Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI» төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эми “акылдуу” эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы,, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!